"Ажону көрүп сүйүндүм, жардам берем деди". Дем алдыруучу аппаратка байланган Элмира Кадырова
Тагдырдын оор сыноосуна кабылып, дем алдыруучу аппаратка жипсиз байланган Элмира Кадырова болгону 34 жашта. Ал мындан 9 жыл мурда кургак учук илдетине чалдыккан. Аны дарыгерлер адам болбойт деп ооруканадан чыгарып коюшкан. Айласы кеткен Кадырованын туугандары аны дарылатуу үчүн Түркияга алып кеткен. Ал жактан кургак учуктан айыкканы менен башка илдетке чалдыгып, учурда жардамга муктаж болуп турган чагы. Себеби дарыгерлер бир учурда өпкөсү менен жүрөгүн алмаштыруу зарылдыгын айтышкан.
SUPER.KG порталы "Кайрымдуу бол" фонду менен биргеликте Түркиянын Измир шаарына барып, Элмира Кадырованын жашоосун чагылдырып келди.
Беш бир туугандын экинчиси экенин айткан каарманыбыз ата-энеси каза болуп калгандыгын, учурда эки сиңдиси жанында болуп, алар иштеп аны карап жаткандыгын көзүнө жаш алып айтып берди. Ошондой эле 16 жаштагы кызы мектеп окуучусу. Ал дагы окуудан сырткары бала карап иштейт. "Тогуз жылдан бери мекенимди көрүүгө зармын, мындай тагдырды душманыма дагы каалабайм", - дейт Кадырова.
Мындан төрт ай мурда президент Садыр Жапаров Түркияга иш сапары менен барып, Анкарада Кыргыз жарандары менен жолугушуу өткөргөн. Элмира Кадырова дагы ал жакка барып, өлкө башчысына кайрылган. Жапаров тиешелүү адамдарга тапшырма бергенин, бирок али жардам боло электигин, дагы деле үмүт үзбөй күтүп жаткандыгын билдирди.
Өмүрү дем алдыруучу аппаратка байланган Элмира Кадырова



1 |