Садыр Жапаров Бириккен улуттар уюмунун күнү менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерришти жыл сайын 24-октябрда белгиленчү Бириккен улуттар уюмунун күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Президент куттуктоо телеграммасында Антониу Гутерришке чың ден соолук жана бакубатчылык, анын жооптуу иштерине ийгиликтерди каалады.
"Эл аралык уюмдарды башкаруудагы көп жылдык тажрыйбаңыз жана дүйнөлүк деңгээлдеги лидерлик сапаттарыңыз уюмдун мындан аркы ишине да зор түрткү берет деп толук ишенем.
Кыргыз Республикасы Бириккен улуттар уюмун дүйнөдөгү эң маанилүү маселелерди чечүүчү борборго айланган абройлуу жана универсалдуу эл аралык уюм деп тааныйт. Ушунун негизинде уюмдун 76-сессиясынын жалпы дебаттарында Кыргыз өлкөсүнүн атынан бир нече маанилүү эл аралык демилгелерди көтөрдүм. Алардын эң олуттуулары – 2022-жылы «БУУ - Борбордук Азия» саммитин өткөрүү жана «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдыкты» кабыл алуу. Бириккен улуттар уюмунун башчысы катары ушул демилгелерге жеке колдоо көрсөтүү менен бирге аталган саммитке сизди катышат деп ишеним артам.
Жалпы дебаттардын жүрүшүндө климаттын өзгөрүүсүнө да өзүнчө токтолуп, БУУнун алдында тоо токойлорун сактап калуу боюнча атайын программаны кабыл алуу жана тоолуу өлкөлөрдүн климатын глобалдык жылуусу менен күрөшүүсүн колдоо боюнча атайын фондду ачуу демилгелерин көтөрдүм.
Бул маселеге климаттын өзгөрүүсү жөнүндө БУУнун Алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясынын 26-сессиясында кененирээк токтолмокчумун. Ушул жана башка дүйнөлүк масштабдагы маселелерди талкуулоо максатында келерки айда Глазго шаарында жолугушууну сунуштайм", - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.



