Улан Ниязбеков Бириккен Араб Эмираттарынын ички иштер министрлигинин Башкы инспектору менен жолукту
Ички иштер министри Улан Ниязбеков Бириккен Араб Эмираттарынын ички иштер министрлигинин Башкы инспектору менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-октябрь күнү Корея Республикасынын Сеул шаарында өтүп жаткан Эл аралык полиция саммитинин алкагында, министр Улан Ниязбеков Бириккен Араб Эмираттарынын ички иштер министрлигинин башкы инспектору Ахмед Насер Аль-Раиси менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда Улан Ниязбеков чет мамлекеттик кесиптештери менен тыгыз мамиле түзүү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу максаты болуп саналарын маалымдады. Ички иштер министри Улан Ниязбеков азыркы учурдагы Кыргыз өлкөсүнүн ички иштер органдарынын жалпы системасын реформалоо жүргүзүп, заманбап технологияларды колдонууга чоң көңүл бурулуп, чет мамлекеттик полицияларынын бул багытта ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасын алмашууга кызыкдар экендигин баса белгилеп, бул багыттагы Бириккен Араб Эмираттарынын ички иштер министрлигин реформалоо жүргүзүүсүнүн жогорку технологиялык заманбап деңгээлге чыгышы кыргыз тарапка өзгөчө кызыктуу экендигин айтып, ишмердүүлүктөгү тажрыйба алмашууга чакырды.



