super.kg logo
  Саясат  

Байсаловдун "кылыбыз кыйшайбайт" дегени боюнча Садыр Жапаров: "Ал бир аз эмоцияга алдырып койду"

 

Президент Садыр Жапаров SUPER.KG порталынын суроосуна жооп берди. Президентке редакция тарабынан: "Жаңы түзүлгөн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "президенттин саясатын колдогон гана депутаттар менен иштешебиз, калгандарыңар жер тепкилесеңер дагы кылыбыз кыйшайбайт" деп айтты. Бул президенттик администрация, министрлер кабинети алдын ала сүйлөшкөн бирдиктүү пикирби? Президент катары кандай түшүндүрмө берет элеңиз буга?" деген суроо узатылды.

"Мен анын сүйлөгөн сөзүн көрдүм, бир аз эмоцияга алдырып койду. Бирок анын ою туура болчу, туура эмес жеткирип алды. Буга чейинки системада дайыма парламент өктөмдүк кылып, аткаруу бийлиги аларга кызмат кылып келген болчу. Эми биз силерге эмес, элге кызмат кылабыз деген эле ойду айтайын деген болчу Байсалов.

Ал эми биз 40-50 депутат менен иштешебиз дегени туура эмес, 1000 добуш менен келген депутат болсо да ал элдин өкүлү, биз баары менен иштешүүгө даярбыз. Биз оппозиция менен да, башкалар менен да иштешип жатабыз. Болот экен да иштешсе", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: