Бишкекте "АгроТехЭкспо" көргөзмөсү уланууда (фото баян)














Бүгүн, 23-октябрда Бишкек шаарында агро өнөр-жай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган «АгроТехЭкспо-2021» көргөзмөсүнүн экинчи күнү өтүүдө. Көргөзмөнүн расмий ачылышы 22-октябрда болуп, ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышкан.
Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата Бишкек шаарынын эски аянтында “AгроТехЭкспо2021” көргөзмөдө айыл чарба техникасы, асыл тукум мал-жандыктар жана өсүмдүктөрдү өстүрүүдө, мал чарбасына колдонулуучу жаңы технологиялардын түрлөрү көрсөтүүгө коюлду. Органикалык азыктарды өндүргөн дыйкан-фермерлер өз продуктулары менен тааныштырышты.
"АгроТехЭкспо" көргөзмөсү бир нече жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Быйыл 22-октябрда башталган иш-чара 24-октябрга чейин уланмакчы.



