Президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйынынан сүрөттөр










Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда Кыргыз өлкөсүнүн жана чет элдик ЖМКлар үчүн ири маалымат жыйынын өткөрдү.
Иш-чарага 150дөн ашуун ЖМК аккредитациядан өткөн.
Мамлекет башчысы маалымат жыйындын башында 2020-жылдын октябрынан тартып 2021-жылдын октябрына чейин аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, өлкөнүн негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө токтолду.
Садыр Жапаров 56 редакциянын журналисттеринин региондордун көйгөйлөрүнө, экономика, тышкы саясат, чек ара, этникалык кыргыздар, парламенттик шайлоолор, коррупция менен күрөш, жолдордун курулушу, дин, ишкерлерди колдоо, жерлерди трансформациялоо, сөз эркиндигине байланыштуу жана көптөгөн башка суроолоруна жооп берди.
Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны дээрлик төрт саатка созулду.
Иш-чара КТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын түз эфиринде чагылдырылды.




Журналисттер да кыйратпаптыр. Эптемей суроолор, а балким кошоматчы журналисттер копчуоугу, пахта койгучтар...
Атамбаевчи?