super.kg logo
  Спорт  

Көк бөрү Талас-Ысык-Көл беттеши. 2-бөлүктүн жыйынтыгында эсеп сандары 8:0. Талас облусу мүмкүнчүлүк берчүдөй эмес

 

Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугунун 3-орун үчүн болгон беттешинин 2-бөлүгү аяктады. Азырынча Талас облусу кыйла алдыда келүүдө. Оюндагы эсеп саны 8:0 айырмачылыгында.

Алгачкы бөлүк 3:0 эсебинде жыйынтыкталган. Анда биринчи улакты Талас облусунун 2 оюнчусу кош колдоп тай казанга ыргытышып, оюндагы эсепти ачышкан.

Андан соң Майрамбек Рыспеков өзгөчөлөнүп экинчи салымды таштаган.

Ал эми Кушчубай Илис уулунун таштаган үчүнчү улагы эсепти 3:0гө жеткирип, алгачкы бөлүк Талас облусунан келген команданын пайдасына жыйынтыкталды.

Беттештин экинчи бөлүгү башталары менен кайрадан Майрамбек Рыспеков өзгөчөлөнүп өзүнүн экинчи улагын, команданын төртүнчү улагын таштоого жетишти.

Көп өтпөй Өмүрбек Эсен уулу удаасы менен 2 улак таштап, эсепти 6:0гө айлантты.

Андан соң Аудасбек Мырзабек уулу оюндагы жетинчи улакты команданын пайдасына жазды.

Кийин Өмүрбек Эсен уулу кайрадан улак таштап, өзүнүн 3 салымын салууга жетишти.

Муну менен оюндун 2-бөлүгү да 8:0 айырмачылыгында Талас облусунун пайдасына аяктады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: