Ысык-Көл облусунда жер титиреди
Ысык-Көл облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 21:57де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз, Ырдык, Подгорное айылдарында 3 балл, Каракол шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.