super.kg logo

Садыр Жапаров Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты

 

Бүгүн, 25-октябрда президент Садыр Жапаров чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"Эч нерседен тайманбаган, көзгө тике карап, бетке айткан, көкүрөгү таза инсан Исхак Раззаков өз элин, өз жерин көтөрүүнүн жолдорун издеп, элибиздин билимдүү-илимдүү болушу үчүн зор эмгек жумшаган.

Республиканын маданий, агартуу жана илим тармактарынын өнүгүшүнө өзгөчө чоң салым кошкон. Кыргыз жаштарынын Орусия мамлекетинин жогорку окуу жайларынан ар тараптуу билим алышын камсыздады. Анын аракети менен Кыргыз мамлекетинин өзүндө жогорку окуу жайлар ачылып, кыйла жылдардан бери чечилбей келаткан кадр маселеси оңунан чечилген. Мектептерде окуучуларга ысык тамак уюштуруу маселеси ошол мезгилде эле каралган.

Ошону менен бирге анын демилгеси менен айыл чарба техникаларын жасоочу завод, жип ийрүү, трикотаж, бут кийим фабрикалары сындуу бир катар өнөр жай ишканалары курулган. Облустарды байланыштыруучу жолдордун жана маданий жайлардын курулушу дагы колго алынган.

Ошентип Исхак Раззаковдун жөндөмдүүлүгүнүн жана иштин көзүн билген уюштуруучулугунун натыйжасында республиканын билим берүү, маданият, эл чарбасы, экономика, өндүрүш тармактары өнүгүү жолуна түшкөн.

Исхак атабыз сөзгө чечендиги менен бирге айткан сөзүнө турган кыраакы жетекчи болгондугу дагы аңыз кепке айланган.

Ал кездерде – Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки республикадагы оор абалды жолго салып өнүктүрүүдө алгач элдин атуулдук аң-сезимин ойготуп, алга жетелеш үчүн жалындуу сөздөрү менен кылган иши төп келиши керек эле. Мына ошондуктан Исхак Раззаков бардык иш-чараларды кылдат пландаштырып, чарчадым-чаалыктым дебестен күнү-түнү эмгектенип, жүргүзүлүп жаткан иштерди өзү барып, көз салып, кабар алып турган.

Улуу инсандар жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги менен улуу болот эмеспи. Айткан сөзү менен кылган иши төп келишкен Исхак Раззаковдун жөнөкөй мүнөзү, адамдык сапаты анын кадыр-баркын ого бетер көтөргөн.

Мындай ар тараптан өнүккөн, жан дүйнөсү таза, сөзү менен иши дал келген, мекенчил, залкар инсандар эл ичинде эч качан унутулбайт.

Андыктан Исхак Раззаковдун Ата Журт алдындагы опол-тоодой эмгегин ар дайым эскерип туруу - биз үчүн ыйык парз", - деп сүйлөдү мамлекет башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: