super.kg logo

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамы бекитилди

 

Президент Садыр Жапаров президентке караштуу "Антикоррупциялык ишкердик кеңештин курамын бекитүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Ушул жылдын 23-июнунда президент Садыр Жапаровдун бизнес-коомчулук менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча, мамлекет башчысынын жарлыгы менен президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш түзүлгөн.

Антикоррупциялык ишкердик кеңешти түзүүнүн негизги максаты болуп коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча натыйжалуу диалогун камсыз кылуу, ошондой эле бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жана ишкердик субъекттердин ишин коргоо жана колдоо механизмдерин жакшыртуу саналат.

Кеңештин жеке курамын президент кеңештин башкы катчысынын сунушу боюнча бекитет. Аталган кеңештин курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, бизнес-коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: