super.kg logo

Массалык уулануудан кийин өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайлар текшерүүгө алынат

 

Бишкекте массалык түрдө тамак-аштан ууланган соңку окуяга байланыштуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборлорунун адистери өлкөнүн бардык аймагындагы тамак-аш сатуучу жайларды текшерет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, азык-түлүк өндүргөн же саткан объектилерди текшерүүгө тыюу салуу алып салынды. Текшерүүгө тыюу салган мораторий 2018-жылдын аягынан бери иштеп келген.

Өзгөртүүлөргө ылайык, тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жүгүртүү (сактоо, ташуу, сатуу) объектилеринде Кыргыз өлкөсүнүн тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жаатындагы техникалык регламенттеринин жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын сакталышын текшерүүгө мораторий киргизилди.

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан.

Бүгүнкү күндө тамакка уулангандардын саны 85ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
25.10.2021. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мөөнөтүн жасалган жерлерин текшерип атып чарчады Эрулан Көкулов ошол жигитти санэпнадзор кылып койгонго эч бир бийликтин акылы жетпей жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: