super.kg logo

Токмокто аккумулятор уурдаган адамдардын тобу кармалды

 

Токмокто аккумулятор уурдаган адамдардын тобу кармалды, алардын унаа уурдоого тиешеси бар экени дагы белгилүү болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык ички иштер башкы башкармалыгына жергиликтүү тургун 26 жаштагы Л.Р арыз менен кайрылып, 21-октябрдан 22-октябрына караган түнү үйдүн короосунан Daewoo Nexia унаасын уурдаган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Кийинчерээк унаа Токмок шаарынын кичи райондорунун биринен табылган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Мындан тышкары бир нече жергиликтүү тургундар арыз менен кайрылышкан, алар түнкүсүн унааларынан аккумуляторлору уурдалганын билдиришкен.

Иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 32 жаштагы И.А., 29 жаштагы Т.А., 19 жаштагы С.М шектелип кармалышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: