Садыр Жапаров Чүйдөгү Мыкан айылында курулган мектептин ачылышына барды









Бүгүн, 25-октябрда президент Садыр Жапаров Чүй облусунун Мыкан айылындагы мектептин салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарада сөз сүйлөп, президент айылдыктарды мектептин жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктады.
"Билим берүү - туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы. Бүгүнкү күндө глобалдуу атаандаштыкка билимдүү коом гана туруштук бере аларын мезгил өзү көрсөтүп жатат. Кыргыз мамлекетинде билимдүү коомдун болушу - айрым адамдардын эле каалоосу эмес, бул мамлекеттик маанилүү маселе. Биздин билим берүү системабыз өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги механизми болушу зарыл", - деди Садыр Жапаров.
Мамлекет башчы региондордо билим берүү мекемелеринин курулушуна, эски мектептердин капиталдык оңдоодон өткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл буруларын белгиледи. Садыр Жапаров бул мектептин пайдубалын түптөөгө катышканын эске салды. "Мына эми 9 айдын ичинде курулуп, ишке берилип жатканы баарыбызды кубандырып жатат. Себеби ар бир жаңы мектеп - мамлекетибиздин жаркын келечегине жана өнүгүүгө карай ачылган даңгыр жол", - деди ал.
Мамлекет башчысы Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясына социалдык объектилерди курууга көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирди, негизинен Кыргыз мамлекетинде эң муктаж болгон аймактарында 55 мектептин курулушу, анын ичинде Чүй облусунда 7 мектеп.
Ошондой эле президент Японияда өткөн Олимпиада оюндарында жана жакында эле Норвегия өлкөсүндөгү Дүйнөлүк чемпиондукта жеңиштерди багынткан кыргыздын уул-кыздары жаштарга, кийинки муунга мыкты үлгү көрсөтүшкөнүн белгиледи.
Мектеп бир нөөмөттө 300 окуучуга эсептелген. Окуу эки нөөмөттө жүргүзүлөт.

