super.kg logo

"Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланган адамдардын саны 118ге жетти

 

"Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланып, ооруканага жардам сурап кайрылгандардын саны 118ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 25-октябрь саат 14:30га карата Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча саламаттыкты сактоо мекемелерине тамак-аштан ууланып медициналык жардам сурап кайрылгандардын жалпы саны 118 адамды түздү. Темир жол ооруканасына 98 адам, шаардык балдардын клиникалык тез жардам ооруканасына 13 адам, Чүй облустук бириккен ооруканасына 2 жабырлануучу, Жайыл районунун жалпы медициналык практика борборуна 5 жабырлануучу кайрылган.

"Анын ичинен 10 адам Темир жол ооруканасында, 13 бала шаардык балдар ооруканасында стационардык дарыланууда. Дарыгерлер алардын абалын туруктуу деп баалашууда. Калган жабырлануучулар медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин жашаган жери боюнча амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: