Компьютердик томография, рентген... Ноябрдан баштап мобилдик клиникалар калк арасында акысыз медициналык кароо жүргүзөт
Өлкөдө ноябрь айынан тартып жарандарды акысыз медициналык кароо иш-чарасы башталат. Азыркы тапта Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу берилген мобилдик медициналык комплекс Чүй облусунун Кемин районуна жөнөтүлдү дешет Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан.
Министрликтин маалыматы боюнча, мобилдик клиниканы ишке киргизүү үчүн даярдык иштери жүрүп жатат.
Мобилдик клиникада дарыгерлер үчүн бөлмөлөр, анализ жүргүзүү лабораториясы, компьютердик томография жана маммография, операциялык блок, рентген аппараты, гастроскоп, көчмө скрининг борбору жана башкаруу борбору бар. Ошондой эле мобилдүү клиникаларга калкты ташуу үчүн кичи автобустар, анын ичинде "Тез жардам" унаасы бар.
Белгилей кетсек, мобилдик клиника 5-майда берилип Асанбай кичи районундагы унаа токтотуучу жайда турган. Саламаттыкты сактоо министрлиги жооптуу адамдар жабдуулардын сапатын жана ишенимдүүлүгүн текшерүүнү улантып жатканын билдирген.
Эске салсак, Ислам өнүктүрүү банкы тендер аркылуу чет элдик заводдордо өндүрүлгөн жана Кыргыз өлкөсүнө мобилдүү клиникаларды жеткирип берген долбоордун ишке ашыруучусу катары Норвегиянын "NORMEKA AS" компаниясын тандап алган.
Долбоор беш жылга эсептелген, донорлор ушул убакыттын ичинде мобилдүү клиниканы тиешелүү дары-дармектер, жабдуулар жана күйүүчү май менен, ал эми дарыгерлер эмгек акы менен камсыз кылышат.

