super.kg logo

Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан кыргыз үй-бүлөсү. Элчилик окуянын чоо-жайын айтты

 

Орусиянын Сургут шаарында автокырсыктан Кыргыз жарандары каза болушту. Алар жубайлар экени кабарланган. Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги жол кырсыгы тууралуу билдирүү жасады. Анда унааны 22 жаштагы Кыргыз жараны башкарып бара жатканы айтылат.

Белгилүү болгондой, 23-октябрда Когалым менен Ноябрьск шаарларынын ортосундагы унаа жолдо жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен Кыргыз жарандары (жубайлар) 1999-жылы туулган А.А.М. жана 2002-жылы туулган А.К.А. көз жумду. Унааны 22 жаштагы А.А.М. башкарып бара жаткан.

"24-октябрда элчиликтин кеңсесинде каза болгон жарандын бир тууганы менен жолугушуу өткөрүлүп, маркумдардын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча чыгымдарды жабуу үчүн бир жолку төлөмдү алуу тартиби түшүндүрүлдү.

Бүгүн, 25-октябрда элчилик Орусиянын Ички иштер министрлигинин Сургут району боюнча тергөө бөлүмү менен байланышты. Каза болгон А.А.М.нын унаа башкарууга уруксат кагаздары жок болгондугуна байланыштуу тергөө органдары окуянын чоо-жайын тактоо иштерин улантууда. Элчилик каза болгондордун сөөгүн Кыргыз Республикасына тез арада жөнөтүү үчүн кошумча каттамдарды иштеп чыгууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: