super.kg logo

612 миң сомдон ашык. Бишкекте мас абалында унаа башкарган 35 айдоочуга айып пул салынды

 
Бишкекте мас абалында унаа башкарган айдоочулар аныкталып, аларга жалпысынан 612 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, 2 күн аралыгында 35 айдоочу мас абалда унаа башкарганы аныкталган.
Мекеменин басма сөз кызматынан белгилешкендей, акыркы учурда адам өмүрүн алган жол кырсыктары көп катталууда.
"Автокырсыктын келип чыгуусуна айдоочулардын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу себеп болууда. Буга байланыштуу жол кыймылынын катышуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча рейддик иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында 1 миң 520 эреже бузуу катталды. Анын ичинен 35 киши унааны мас абалында башкарганы аныкталып, аларга жалпы 612 миң 500 сом айып салынды", - дешти мекемеден.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: