"Калктын саны өскөн, ооругандар жыл сайын көбөйүүдө". Сузактагы ооруканада бейтаптар үчүн орундар жетишсиз




Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы аймактык ооруканасында бейтаптар үчүн орундар жетишсиз. Бул туурасында Акыйкатчы институтунун жүргүзгөн мониторингинде аныкталды.
Мониторингдин жүрүшүндө аныкталгандай, оорукана санитариянын ченемдерине жана калктын саламаттыгынын коопсуздугун камсыздоо талаптарына таптакыр жооп бербей турганын аталган институттун маалымат кызматынан маалымдашты.
"Оорукананын тепкич аянтчалары жана коридорлору таза эмес, бардык жер кир, дубалдардан шпаклевка күбүлүп түшүп, шыптар көгөрүп кеткен, чатырдан суу тамчылайт, палаталардын терезелеринен шамал кирип турат, бөлмөлөрдү талаптагыдай желдетүүгө шарт түзбөйт. Палаталарда жуунуучу жайлар каралган эмес, бейтапкананын жападан жалгыз душ бөлмөсү иштебейт жана башка максатта (анда чарба буюмдары сакталат) колдонулат. Бейтапкананын эки бөлүмүнө (терапия жана неврология) бир ажаткана бар. Мындан сырткары оорукананын палаталары 4 кишиге ылайыкталганына карабастан ал жерде 6дан бейтап жатышат. Экинчи кабатта жайгашкан хирургия бөлүмүнүн үчтөн бир бөлүгү балдар бөлүмүнө берилген.
Бейтаптар менен маектешүүдө анык болгондой, мамлекет тарабынан акысыз берилүүчү айрым дары каражаттарын өздөрү сатып алышат.
Бейтаптар менен маектешүүдө алар медициналык тейлөөнүн абалы жана дарыгерлер жөнүндө жакшы гана пикирде. Сузак райондук оорукананын имаратынын абалы гана кейиштүү", - деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми медициналык мекеменин жетекчилигинин ооруканадагы абалды жакшыртуу боюнча аракетине карабастан мамлекет тарабынан ремонт иштерине эч кандай каражат бөлүнбөй келерин башкы дарыгер белгилеген.
"Ушуга байланыштуу дарыгерлердин иш бөлмөлөрүн, бейтаптар үчүн палаталарды, имаратты өз убагында оңдоого мүмкүнчүлүк жок. Ал эми акысыз берилүүчү айрым дары-дармектерди бейтаптардын сатып алышынын себеби медикаменттерди жабдып турууга жана таңуучу материалдар боюнча тендер үзгүлтүккө учураганда ушундай учурлар келип чыгат.
Ооруканабыздын имараты эскилиги жеткен, алар советтик доордо курулган жана кыйла аз адамга эсептелген болчу. Азыркы учурда Сузак районунун калкынын саны бир топ өскөн, ден соолугунан көйгөйлөрү бар бейтаптардын саны жыл сайын көбөйүүдө, ошол себептен бейтапкананын бөлмөлөрү ар дайым толуп-ташып турат", - деген Сузак аймактык ооруканасынын башкы дарыгери.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.