"Баткенге эки мектеп курулат". Жогорку Кеңештин комитети Кыргыз-Өзбек өкмөтүнүн макулдашуусун жактырды
25-октябрдагы Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2020-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып колдоо тапты.
Жыйында баяндама жасаган министрлер кабинетинин өкүлү 2020-жылы республикалык бюджеттин жыйынды кирешелери 134 миллион 587 миң 300 сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 13 миллион 898 миң 300 сомго азайганын билдирди. Ал эми жыйынды чыгымдары 154 миллион 450 миң 600 сом болгон.
Ошондой эле тармактык комитеттин жыйынында “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Өзбекстандын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасында жалпы билим берүүчү мектептердин курулушу жөнүндө” макулдашуунун долбоору каралып, жактырылды.
Тагыраагы аталган макулдашууга ылайык, Өзбекстан Республикасы Баткен районунун Самаркандек айылына жана Лейлек районунун Маргун айылына 330 орундуу мектептерди куруп, керектүү жабдыктар менен камсыздайт. Муну менен катар окуу имараттарын Кыргыз мамлекетинин менчигине өткөрүп берет. Бул үчүн Маргун айылынан 0,30 гектар, Самаркандек айылынан 1,75 гектар жер тилкеси бөлүнөрү белгиленди.

