super.kg logo

Нарында 4 миң сомго чейин. Монополияга каршы кызматы аймактардагы көмүргө койгон баалары

 

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында кампаларда сатылган көмүрдүн чектүү баасы (эң жогорку) 4 500 сомду түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйында Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымына караганда, аймактардагы көмүрдүн эң жогорку баалары белгиленди:

Чүй облусунда 4 500 сомдун тегерегинде;

Ош облусунда 6 миң сомдун айланасында;

Жалал-Абад облусунда 6 500 сомго чейин;

Нарын шаарында - 3 900-4000 сомго чейин;

Караколдо - 5200дөн 6 миңге чейин;

Талас облусунда - 5 300;

Баткен облусунда - 8 500 (Сүлүктү шахтасынын көмүрү); башкалары 6 миңден жогору болбойт.

"Аймакта көмүр менен камсыз кылуу максатында жер-жерлерде тийиштүү комиссиялар түзүлдү. Алар өз иштерин жүргүзүүдө.

Ар бир кампанынын эсебин алып жатабыз. Эки-үч күндүн ичинде биздин койгон баа менен сатуу боюнча тапшырмалар берилди. Ишемби күнү Бишкек шаарындагы кампаларды кыдырып чыктык.

Бир аптанын ичинде баарын иретке келтиребиз.

Биз жалгыз эле көмүрдүн баасын жөнгө сала албайбыз. Ошондуктан жергиликтүү бийликти, салык, милиция кызматын тартып жатабыз", - деди Тайлаков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
26.10.2021. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошто 7500 сомдон сатылып атат, калп эле алдай бербегиле.
26.10.2021. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баткенде 12000 сом козомолдосонор жакшы болмок 8500 бул жалган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: