super.kg logo

"Империя пиццы" кафесинен тамакка уулангандардын саны 179га жетти. Алардын 18и балдар

 

Бүгүнкү күндө "Империя пиццы" кафесинен тамакка ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны 179га жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 179 адамдын ичинен 18и балдар.

Темир жол ооруканасына 13;

Шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына 12 адам;

Улуттук госпиталга 24 адам;

Ысык-Ата жалпы дарыгерлик практика борборуна - 1 адам кайрылган.

"Учурда 50 адам стационардык дарылануудан өтүүдө. Бейтаптардын абалы дарыгерлер тарабынан туруктуу деп бааланууда. Ал эми калган жабырлануучулар биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн соң амбулатордук дарыланууга жиберилди", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан.

Буга чейин тамакка уулангандардын саны 85ге жеткенин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: