super.kg logo

Бишкектеги №18 мектеп-гимназиянын кошумча корпусунун курулушу 80 пайызга аяктады

 

Бишкек шаарындагы №18 мектеп-гимназиянын кошумча окуу корпусунун курулушу 80 пайызга бүттү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта жазылгандай, билим берүү объектиси 225 окуучуга эсептелген. Анын жалпы аянты 910,0 чарчы метрди түзүп, эки окуу корпустарынан турат.

Ал эми объекттин наркы 41 миллион 619 миң 400 сомду түзөт. Быйылкы жылы объектти бүткөрүү үчүн 9 миллион 978 миң 900 сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, объектиде негизги курулуш иштери аягына чыкты. Бул ички жана сырткы жасалгоосу, имараттын полдору, терезелери жана эшиктери орнотулду, электрмонтаждоо жана сантехникалык жумуштар аяктады. Жылуулук тармагы, суу менен камсыздоо жана канализация тармагы боюнча жумуштар.

Объекттин курулушун аяктоо жана 2021-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландаштырылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: