super.kg logo

ЭЛДИК КАБАРга жооп: "Лейлектин Арка 2 айылына кошумча дарыгерлер жөнөтүлөт" дешти тийиштүү мекемеден

 

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен облусунун Лейлек районунун Арка 2 айылынын тургуну кайрылып, анда ал аталган айылда сасык тумоо менен ооругандардын саны көп экендигин, бирок дарыгер ордунда жок болуп жатканын айткан.

Бул боюнча Лейлек районундагы жалпы дарыгердик практикалык борборунун жетекчисинин орун басары Эркин Турдубаев төмөнкүлөрдү билдирди.

"Арка 2 айылында эки дарыгер бар. Бирөөсү Жылдыз Баатырованы Ошко окууга жөнөткөнбүз. Дагы бири Жылдыз Раатбекова жарым ставка менен түшкө чейин эле иштейт. Эртең райондон кошумча дарыгер жөнөтөм. Негизи дарыгерлер аз.

Эртең өзүм дагы Арка 2 айылына барам. Дарыгер керек болгондо Достук айылындагы оорукананын дарыгери Насыр Хасанов бейтаптарды кабыл алып жатат.

Мындай кырдаал убактылуу эле жаралды", - деп билдирди Эркин Турдубаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: