super.kg logo

БЛОГ: Мен көргөн Стамбул (сүрөт баян)

 

Түркия дүйнөдөгү эң күчтүү жана өнүккөн өлкөрдүн бири. Дал ушул мамлекеттин Стамбул шаарына 5 күндүк сапар менен барып, андагы эсте калган көз ирмемдерди окурмандар менен бөлүшмөкчүмүн. Албетте, эки континетти ээлеген шаарды түрө кыдырып чыгуу мүмкүн эмес. Бирок ошентсе дагы жакшы элестерди калтырган жерлерин сүрөт менен баяндайбыз.

Стамбулга келген ар бир турист дүйнөгө даңаза болгон Султан Ахмет жана Айя-София мечиттеринин жанына келип мүмкүнчүлүк болсо ичине бир жолу болсо да кирип кетери бышык. Биз барган учурда Султан Ахмет мечити оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабык экендигине карабай айланасында адамдар көп экендигине күбө болдук.
Стамбулдун көчөлөрүнөн такси менен кошо эле дал ушундай симит саткан кишилерди көп көрдүм. Арзан жана тоюмдуу болгон үчүн суроо-талап көп болорун айтышты. Сиз дагы келип калсаңыз симит жана түрк чайын, кофесин сөзсүз ичип кетиңиз.Ошондой эле Түркиянын кайсы гана шаары болбосун жаныбарларга өзгөчө мамиле жасалат экен. Аларды эч кимдин уруп-согуп, тебелегенге акысы жок. Эгер андай кылса сөзсүз жазага тартылат. Деңиз жээгинен жана көчөлөрдөн ит, мышыктарга даярдалган үйлөрдү көп көрөсүз. Анан албетте суу жана тамагы да жанында даяр. Ал тургай дал ушул жаныбарларга кам көрүп, дарылап караган атайын адистер бар.
Стамбулда негизинен расмий 16 миллион эл жашайт, бирок уруксатсыз качкын болуп жүргөндөрдү кошкондо бир эсе көп экендиги айтылат. Европа тарабында Азияга салыштырмалуу туристтер жана жашоочулардын саны көптүгүнөн бул жерде жол тыгындары бир нече саатка созуларына күбө болдук. Таксиде бара жатып, жол тыгында калсаңыз капчыгыңызды кагып түшүп кете бересиз. Себеби жол тыгынында турган учурда дагы эсептегич айлана берет. А баса, такси кызматтары да мамлекетке карайт. Мында 24 саат бою шаар кыймылда болуп турат.
Стамбул туристтик шаар болгон үчүн дагы соода-сатык бул жерде абдан өнүккөн. Сатуучулар сиздин тилиңизди билбесе да товарын сатуу үчүн болушунча айланчыктайт. Бирок көп нерсе бул жерде кымбат экендигине күбө болдук.
Кечки Стамбул өзгөчө кооздугу менен айырмаланат. Ага Азия мене Европаны бириктирип турган Босфор көпүрөсү да көрк кошуп турат. Күндө көрүп, мында жашап жүргөндөр үчүн анчалык деле билинбесе керек, бирок кемеге түшүп аркы жээктен берки жээкке өтүп, түнкү шаарды кыдыруу өзгөчө эсте каларлык сезимдерди калтырды.

Түркияда медицина абдан жакшы өнүккөн, шарттар жогорку деңгээлде түзүлүп, дүйнөлүк акыркы технологиялар менен операциялар жасалып, өз кесибинин мыкты адистери иштешет.
Эң жакшы деген ооруканалар окуу жайлардын медицина бөлүмдөрүнө карай тургандыгын айтышты, андан соң албетте жеке менчиктер. Бир дарыгердин кабылдамасына жазылуу үчүн 100$ төлөйсүз. Албетте, мыкты шарттарга жараша акысы дагы бир топ эсе кымбат.
Беш күндүк сапарыбыз аяктап, мекенибизге аман-эсен келип калдык. Мүмкүнчүлүк жаралып калса эле дүйнө кезип саякат жасаңыз. Эч бир жерден таба албаган сезимдерди, ирмемдерди саякаттан табасыз. Кайсы гана жерге барбаңыз ошол элдин тилин билгениңиз артыкчылык жана өзүңүзгө бир топ жеңил болот.





кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
01.11.2021. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туркиядан да озун сулуусун го
01.11.2021. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Түрктөр тийиштиби анан:)))чок гүзел,чон гүзел деп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: