Екатеринбургда камакта 13 Кыргыз жараны соттун чечимин күтүүдө. Алар өлкөдөн чыгарылат

Мекеменин маалыматында Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери Екатеринбург шаарындагы ички иштер башкармалыгынын чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборуна барышканы айтылат.
"Башкы консулдуктун өкүлдөрү бул мекемеде убактылуу кармалып турган Кыргыз жарандары менен жолугушуп, кармоо шарттары менен таанышып, Орусиянын аймагына кирүү, чыгуу жана калуу үчүн документтерди тариздөө жол-жоболоруна байланыштуу консультацияларды берип, суроолорго жооп беришти.
Ошондой эле Башкы консулдуктун кызматкерлери убактылуу кармоочу жайдын жетекчилиги менен жолугушуп, анын жүрүшүндө жарандардын мекенине тез арада кетүүсүнө керектүү документтерди даярдоо боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
Азыркы учурда Екатеринбург шаарында Орусиядан чыгаруу үчүн соттук чечимдин күчүнө киришин 13 Кыргыз жараны күтүп жатат", - деп айтылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.