super.kg logo

"Көпчүлүк ишенген эмес". Ошто жаңы ачылган социалдык базаларда көмүр 4 сом 70 тыйындан 5 сом 50 тыйынга чейин сатылууда

 
Ош облусунда арзандатылган көмүр сатуучу социалдык көмүр базалары ачылды. Бүгүн, 26-октябрь күнү Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов аталган көмүр базалардын ишмердүүлүгү менен таанышып чыкканын президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Облус аймагында жалпы 30 социалдык көмүр базалары иштеп жатат, анда көмүрлөр 4 сом 70 тыйындан 5 сом 50 тыйынга чейин сатылууда деп айтылат маалыматта.
"Биз көмүр казган ишкерлер менен сүйлөшүп, көмүрдүн баасын 5 сомдон койгонбуз. Мен буга чейин айтканда көпчүлүк ишенген эмес. Бул ишке ашпайт дегендер болду. Облус боюнча социалдык объектилер толук көмүр менен камсыз болуп бүттү. Бүгүнкү күндө элди арзан көмүр менен камсыз кылуу иштери уланууда. Бул баа көмүр сезон бүткөнгө чейин сакталат", - деди Зиядин Жалалдинов.
Ош облусунун райондорунда ачылган социалдык көмүр базалары тууралуу маалымат:
Араван району
1. А.Анаров айыл өкмөтү, Араван айылынын Ош-3000 көчөсү (мурдагы тамеки пунктунун жанындагы аянт);
2. С.Юсупов айыл өкмөтү, Араван айылынын М.Султанов көчөсү, Хоздвор;
3. Тепе-Коргон айыл өкмөтү, Арпа айылындагы Пахта заводунун аймагы.
Кара-Суу району
1. Шарк айыл өкмөтү, Медресе (фуркат);
2. Шарк айыл өкмөтү, Фуркат айылы (дубай кафеси);
3. Төлөйкөн айыл өкмөтү, Жапалак айылы;
4. Кашкар-Кыштак айыл өкмөтү, Кашкар-Кыштак айылы;
5. Сарай айыл өкмөтү, Кара-Суу базары.
Ноокат району
1. Н.Исанов айыл өкмөтүндөгү Жаңы-Базар айылы;
2. Кыргыз-Ата айыл өкмөтү, Көтөрмө айылы;
3. Зулпуев айыл өкмөтү, Ата-Мерек айылы;
4. А.Мирмахмудов айыл өкмөтү, Үч Баарын;
5. Кара-Таш айыл өкмөтү, Кара-Таш айылы, 4-бригада;
6. Гулистан айыл өкмөтү, Гулистан айылы;
7. Жаңы-Ноокат айыл өкмөтү, Жаңы-Ноокат айылы;
8. Көк-Жар айыл өкмөтү, Көк-Жар айылы;
9. Төөлөс айыл өкмөтү, Ай-Тамга айылы;
10. Кулатов айыл өкмөтү, Кызыл-Булак айылы, Куу майдан участкасы.
Өзгөн району
1. Жылалды айыл өкмөтү, Прогресс айылы;
2. Куршаб айыл өкмөтү, Куршаб айылы;
3. Дөң-Булак айыл өкмөтү, Бахмал-2 участкасы;
4. Мырза-Аке айыл өкмөтү, Мырза-Аке айылы;
5. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү, Лесхоз айылы;
6. Өзгөн шаары, Жаныбек Казы кварталы.
Кара-Кулжа району
1. Кара-Кулжа айыл өкмөтү, Т.Жээнбеков көчөсү №3;
2. Ылай-Талаа айыл өкмөтү, Р.Сатыбаев көчөсү №70 үй, Чоң-Алай району;
1. Чоң-Алай айыл өкмөтү, Дароот-Коргон айылы, ПМК участкасы;
2. Жекенди айыл өкмөтү, Жекенди айылынын Кашат участкасы;
3. Кашка-Суу айыл өкмөтү, Кашка-Суу айылы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
26.10.2021. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кара Кулжа району деп,кайра Чоң Алай районун кошуп койгонуңар кандай? Чоң Алай Кара Кулжага карап калдыбы?Же тескерисинче Кара Кулжа Чоң Алайга карап калдыбы?
26.10.2021. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баткенге качан келет ошондой баа
26.10.2021. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
галдиравагилачи Ноокатта 8 сомдон эле болуп ататко
27.10.2021. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Chagylgan7,бардык жерде эмес ушул айтылган адрестерде гана 5 сомдон
27.10.2021. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Birimdik5555, ошол айтылган Ай-Тамгада эч кандай көмүр сатылбай эле го....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: