Эверестти багындырган Эдуард Кубатовго Беларусь президенти "Франциск Скорина" орденин ыйгарды
Бүгүн, 26-октябрда Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенконун жарлыгы менен Эверест чокусуна чыккан Эдуард Кубатов "Франциск Скорина" ордени менен сыйланды. Бул тууралуу Кубатов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
"Беларусь президенти Эверест чокусуна Жеңиш туусун көтөргөндүгү, жогорку спорттук жетишкендиктери жана профессионалдык чеберчилиги үчүн "Франциск Скорина" ордени менен сыйлоо жөнүндө №416 жарлыкка кол койду. Менден сырткары Беларусь альпинисти Вадим Фролов жана менин экспедициядагы шеригим, орус жараны Георгий Шулеповдор да сыйланышты.
Эверестте согуштагыдай! Вадим Фролов катуу оорудан улам 6400 метр бийиктикке чыгуудан баш тартууга аргасыз болгон. Ал үчүн бул оор чечим болду. Ал Эверест чокусуна Жеңиш туусун көтөрүүнү менден жана шеригим Георгий Шулеповдон суранды. Биз өзүбүз жана бир тууганыбыз үчүн чокуга чыктык жана акырына чейин жеттик. Эверест - бул биздин жалпы жеңишибиз!", - деп жазды ал.
Белгилей кетсек, 23-май күнү Эдуард Кубатов "Эверест 1" экспедициясынын курамында дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырган.



1 |