super.kg logo

"Үгүт ишин эрте баштады". Бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкер Болотбек Бегалиевдин үстүнөн даттануу түштү

 

Бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөн Болотбек Бегалиевдин дарегине карата үгүт иштерин эрте баштады деген даттануулар болууда.

Билдирүүсүндө талапкер өзү тууралуу депутат болуу ниети жөнүндө айтат. Болотбек Бегалиевдин билдирүүсүн бир катар интернет колдонуучулар бөлүшүп, Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылгандар да болду.

БШКнын маалымат кызматынан талапкердин дарегине карата үгүт иштерин эрте баштаган деген арыз келип түшкөнүн, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын тастыкташты.

"Бүгүн жумушчу топ жогорудагы арызды карап чыктык. БШКнын отурумунда сунушубузду айтып, чечим чыгарабыз", - деп белгилешти мекемеден.


Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген, ал эми үгүт иштери 29-октябрда башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: