Театр жетекчилерине ремонт иштерин сапаттуу жасоо тапшырылды









Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов театрларда жүрүп жаткан ремонт иштери менен жеринен кабар алды. Министр кечээ, 26-октябрда Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театры жана Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында жүрүп жаткан иштерди карап чыкты.
Министрликтин маалымат кызматынан билдиришкендей, Т.Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында ремонт иштери өз нугунда жүрүп жатат. Учурда театрдын имаратынын чатырын жабуу иштери жүрүүдө. Ал эми театрдын сырткы эски айнектери заманбап үлгүдөгү сапаттуу айнектерге алмаштыруу, жылуулук берүү системаларын орнотуу, гримдөө бөлмөлөрүн оңдоп-түзөө иштери бүткөнүнө, отургучтар алынып, жарык берүү системалары, желдетүү жабдуулары орнотулгандыгына министр күбө болду.
Ошондой эле министр Азамат Жаманкулов Чыңгыз Айтматов атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук орус драма театрында болуп, жасалып жаткан иш-аракеттер менен бирге зарыл болгон чечимдерди кабыл алуу жана ремонт иштеринин процессин тез арада чечүү маселесин театр жетекчилиги менен талкуулады.
Жыйынтыгында театрдын оңдоо иштерин сапаттуу жасоо жана зарыл болгон учурда тиешелүү аракеттерди көрүү тапшырмасын театр жетекчилерине берди.
Ремонт иштеринин жүрүшү тууралуу маалыматтар министрлик тарабынан этап менен берилип турат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.