Акыркы каалоосу кызы менен көрүшүү экенин айткан келиндин окуясы. Жолдошу аялынын дартынын корутундусун талап кылды
Залалдуу шишик дарты менен күрөшүп жаткан Алина Батурова 5 жаштагы кызы менен көрүшө албай жатканын айтып кайрылуу жасаган. 31 жаштагы келиндин билдирүүсүнөн кийин Тышкы иштер министрлиги маселени колго алганын, тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдаган. Бүгүн, 26-октябрга карата өлкөнүн тышкы саясий ведомствосу кошумча маалымат таратты.
"Кыргыз өлкөсүнүн Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматына ылайык, Алина Батурованын жолдошу 1977-жылы туулган Б.У. учурда Нур-Султан шаарында жашайт. Ал Башкы консулдуктун кызматкерлери менен сүйлөшүп, келинчегинин дартынын корутундусун, дарыгердин жазып берген корутундусун талап кылган. Мындан улам министрлик Алина Батуровага медициналык корутундусун көрсөтүү өтүнүчүн келтирди. Мындай кадам бейтаптын маселесинин оң тарапка чечилиши үчүн көрүлүүдө.
Ошол эле учурда Алина Батурованы кызы Инжу Батуровага жолуктурууну уюштуруу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. Кыргыз өлкөсүнүн Алматы шаарындагы Башкы консулдугу коңшу республиканын Тышкы иштер министрлигине бул маселени чечүүгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен расмий нота жөнөттү", - дешти министрликтен.
Белгилей кетсек, Алина Батурова эмчектин залалдуу шишик дартынын 4-стадиясы менен жабыркап келет. Андан тышкары мээде, боордо жана өпкөсүндө метастаздар бар. Оор илдет менен күрөшүп жаткан Алина айым ар 4 саат сайын морфин алат. Бейтаптын күйөөсү Казакстандын жашап, кызын көрүүгө уруксат бербей, жардам берүүдөн баш тарткан. Мындан улам келин окуясын коомчулукка алып чыгып, жардам сураган.
кошулду







1 |