super.kg logo

Нарындагы контейнер мектеп. Жаңы окуу имаратынын курулуш иштеринин 85 пайызы бүтүп калды

 

Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Кеңеш айылындагы Казаалы Абиров атындагы орто мектебинин курулуш иштеринин 85 пайызы бүткөрүлдү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жаңы мектеп 2 кабаттуу окуу корпустан, ашкана, спорттук залдан жана өтмө галереядан турат. Жалпы аянты 1281,8 чарчы метр болгон мектеп 150 окуучуга эсептелген.

Бүгүнкү күндө объекттин курулуш даярдыгы 85 пайызды түзөт, бардык курулуш иштери аягына чыкты. Подряддык уюм тарабынан сантехника жабдууларын орнотуу иштери бүткөрүлүүдө, откананын, көмүр сактоочу жайдын курулушу аяктоо алдында турат. Ошондой эле мектептин аймагын көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган объекттин наркы 57 миллион 937 миң 138 сомду түзөт. Быйылкы жылы мектепти бүткөрүү үчүн 24 миллион 737 миң 100 сом бөлүнгөн. Аталган объектти 2021-жылдын аягына чейин пайдаланууга тапшыруу пландалууда.

Белгилей кетсек, аталган мектептин курулушу 2019-жылы башталган.

Аталган мектептин чоо-жайы:

Буга чейин интернет тармагында Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер мектептин ачылыш аземинен тартып алынган сүрөт талкуу жаратып, коомчулукту дүрбөткөн. Мындан улам кайдыгер эмес жарандар аталган мектепти ашар жолу менен салууну демилгелешкен.

Кийинчерээк өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы бул мектеп жабылып, окуучулар айылдагы клубдун имаратына көчүрүлөрүн маалымдаган. 2020-жылы курулуш иштери башталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: