Эртең Бишкектин кээ бир аймактарында таза суу берилбейт (тизме)
Эртең, 28-октябрда Бишкек шаарынын айрым райондорунда таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришет.
Мэриянын маалыматында борбордогу кээ бир райондордо саат 09:00дөн 17:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулары жазылат.
"ХБО" суу алгычындагы жана шаардык суу түтүктөрүндөгү оңдоо жана техникалык тейлөө иштерине байланыштуу ичүүчү суу турак жайларда, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объекттерде токтотулат.
Таза суу төмөнкү райондордо убактылуу берилбейт: 7-Апрель, Горький, Достоевский көчөлөрү жана темир жол линиясында", - деп айтылат маалыматта.
Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаар тургундарын таза суу камдап алууларын өтүнөт.

