Ымыркайда COVID-19дун белгилери бар болсо эмне кылуу керек? Дарыгерден кеңеш
Балдар арасында COVID-19 симптомдору, андан сактануунун жолдору тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнүн неонатолог-дарыгери Айнара Доромбекова брифинг учурунда айтып берди.
Анын айтымында, ымыркайларда COVID-19 симптомдору так билинбейт. Эгерде бала ооруп калса, Анда:
* көп ыйлайт – бул пайда болгон дискомфортко реакция кылуу;
* тамактан баш тартат;
* уйкусу начарлайт;
* ойгоо учурунда тынчы жок;
* оюнчуктарга көңүл бурбайт.
"Бир айга толо элек балдардагы бул симптомдордун баары ич ооруга да тиешелүү. Бул көйгөй ичеги-карын системасынын жетиле электигинен келип чыгат", - деп кошумчалады Доромбекова.
COVID-19 менен ооруган балдардагы сейрек белгилер:
1. Кусуу жана диарея. Симптом коркунучтуу, анткени суюктуктун 10 пайызы жоготуусу олуттуу кыйынчылыктардын себеби болуп саналат. Ымыркайларда бул өлүмгө алып келиши мүмкүн.
2. Исиркек (кызыл майда бүртүкчөлөр). Ковиддин адаттагы белгиси эмес. Бул вирустун кан аркылуу тарашынан улам пайда болот. Көбүнчө исиркектер буттарда пайда болот. Бул күчтүү дискомфорт алып келбейт, бир жумага жакын созулат. Бул учурда ымыркайдын улгайган туугандары менен байланыштырбаш керек.
3. Кургак жөтөл. Жаңы төрөлгөн баладагы коронавирустун негизги белгиси. Ал вирус трахеяга, бронхтарга, тамакка таасир эткенден кийин пайда болот. Анын үстүнө оорунун баштапкы стадиясында былжыр өтө илешкектүү болгондуктан оңой чыгып кете албайт. Ошондуктан жөтөл кургак болот.
Ымыркайда COVID-19дун белгилери бар болсо эмне кылуу керек?
Бир гана туура кеңеш, дарыгерге кайрылуу керек. Бала ооруканада башкаларга жугузуп албашы үчүн дарыгерди үйгө чакыруу зарыл. Дарыгер оорунун белгилери байкалаар замат үйгө чакырылышы керек. Балада илдет бар экенине кандайдыр бир шектенүү пайда болсо, бул маанилүү эмес. Вирус менен тамашалашууга болбойт.

