super.kg logo

Жалал-Абадда "Курманбек" стадионунун аймагына кичи футбол аянтчасы курулууда

 

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионунун аймагына кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, "Курманбек" стадиону автоматтык түрдө сугаруучу жабдыктар менен жабдылып, түнкү жарыктандыруучу чырактар орнотулууда.

"Аталган стадион буга чейин жумушчулардын жардамында суу түтүктөрү менен сугарылып келчү. Мындай шартта газондорду сугаруу бир тарабынан ыңгайсыз болсо, экинчи тарабынан атайын жумушчу күчтү талап кылчу. Эми автоматтык түрдө сугаруучу жабдыктар орнотулуу алдында турат. Автоматтык түрдө сугаруучу жабдыктар газондун астынан орун алып, сугаруу мезгилинде гана газондун бетине чыгат. Учурда ал үчүн атайын жабдыктар алынып, суу кампасы курулууда", - деп билдиришти мэриядан.

Стадиондогу курулуштарды ишке ашырууга жергиликтүү бюджеттен 6 миллион 150 миң сом каражат сарпталууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: