"Империя пиццы" кафесинин тамагына уулангандардын саны эмне себептен өсүүдө? Санэпидемстанциядан жооп беришти
"Империя пиццы" кафесинин тамак-ашына ууланып, ооруканага кайрылгандардын саны күн санап өсүүдө. Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш гигиенасы бөлүмүнүн башчысы Махамат Мурзашевге эмне себептен жабыркагандардын саны көп болуп жатканын билүү максатында кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.
"Империя пиццы" кафесинин шаарда 16 түйүнү бар экен. Ошол күнү ууланган адамдардын көбү үйүнө тапшырык кылышкан. 23-октябрь күнү эле суши жана роллынын 900дөй порциясы сатылган.
Кафелердин ишин 25-октябрь күнү токтотконбуз. Ага чейин көп адам жеген. Аталган кафеден тамактанган адамдардын саны көп болгону үчүн уулангандардын саны өсүүдө", - деди Мурзашев.
Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы "Империя пиццы" тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан. Бүгүнкү күндө алардын саны 282ге жетти.



1 |