super.kg logo

2 миң сомго чейин. 1-октябрдан баштап өлкөдө социалдык жөлөк пулдар көбөйтүлдү

 

Өлкөдө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдардын өлчөмү 1-октябрдан баштап 50 пайызга жогорулады. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

"1-октябрдан баштап жөлөк пулдар көбөйтүлдү. Бирок төлөө ноябрдан баштап болот. Мисалы, мурда 4000 сом алса, октябрда кошулган 2000 сом төлөм менен ноябрдыкын кошуп 8000 сом алышат. Ал эми декабрда 6000 сомдон алып баштайт", - дешти министрликтен.

Ар айлык социалдык жөлөк пулдардын көбөйтүлгөн суммалары:

* 18 жашка чейинки ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;

* ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, алар 18 айга толгонго чейин 4000 сомдон 6000 сомго чейин;

* бала кезинен I топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 4000 сомдон 6000 сомго чейин;

* бала кезинен II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 3300 сомдон 4950 сомго чейин;

* бала кезинен III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга 2700 сомдон 4050 сомго чейин;

* атасынан же энесинен айрылган балдарга 1000 сомдон 1500 сомго чейин;

* атасы менен энесинен экөөнөн тең айрылган балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин;

* атасы менен энеси белгисиз балдарга 2000 сомдон 3000 сомго чейин.

Ал эми 2022-жылдын 1-январынан тарта жөлөк пул 100 пайызга көбөйтүлөт.

Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров "Жарандардын айрым категорияларына социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн жогорулатуу жөнүндө" жарлыкка кол койгон.

Айта кетсек, чыгымдар республикалык бюджеттен каржыланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
27.10.2021. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
810дук жолок пул которулбойбу
27.10.2021. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омур бою иштеп налог толоп, соцфонд толоп жашайсын пенсияга чыкпай олуп калсан балдарындын алганы 1000сом. Где справедливость???!!!
27.10.2021. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе озгоргон жок, айлык акы которулду, пенсия пособия которулду, за то бензин которулуп жатат, мамлекеттик бала бакчалардан баштап баардыгы кымбаттап баштады..
27.10.2021. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jacob.,такыр эле айлык акы которулгон жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: