super.kg logo

Лейлектин акиминин милдеттерин убактылуу аткаруу Абдирашит Ташбалтаевге тапшырылды

 

Лейлектин акиминин милдеттерин убактылуу аткаруу Абдирашит Ташбалтаевге тапшырылды. Бул тууралуу президентик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ташбалтаев акимдин биринчи орун басары болуп иштеген. Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Алтынбек Эргешев Баткен облусундагы мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кеңешме өткөрүп, анда аким кызматынан Алмазбек Рахманкуловду четтетүү жөнүндө чечим окулду.

23-октябрда президент Садыр Жапаровдун маалымат жыйынында акимдердин бирөөсүнүн Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин пайдасына үгүттөөгө катышкандыгы тууралуу маалымат айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: