Сүннөт тойдон кийинки массалык уулануу: Бүгүнкү күнгө карата бардык бейтаптар сакайды
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сүннөт тойдон кийин массалык уулануу болуп, жалпы 140 адам дарыгерлерге кайрылган. Анын 30у ооруканага жаткырылып, калганы амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн. Бүгүнкү күндө бардык бейтаптар айыгып, үйлөрүнө чыгарылганы Саламаттыкты сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору тарабынан белгилүү болду.
"Жалпы 140 адам кайрылса, 30 бейтап Сузак райондук жалпы дарыгердик практикалык борборунун жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып, калганы амбулатордук дарыланууга жиберилген. 27-октябрга карата стационардык жана амбулатордук дарылануудагы бейтаптардын баары сакайып, үйлөрүндө", - деди координатор.
Эске салсак, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 10-октябрда сүннөт той өтүп, андан кийин Бек-Абад айылынын 60 тургуну аймактык ооруканага барышканы кабарланган. Алардын ичинен бешөө алдын ала коюлган уулануу диагнозу менен ооруканага жаткырылганы айтылган. Кийинчерээк кайрылгандардын саны 124 экени, 16 жаран ооруканага түшүп калганы белгиленген.
10-октябрдан 18-октябрга чейинки аралыкта жалпы 140 адам кайрылып, 30у ооруканага жаткырылганы (анын ичинен 5 жашка чейинки 1 бала, 14 жашка чейинки балдар - 8, аялдар - 9, кош бойлуу аялдар - 2, эркектер - 7) маалымдалган.

