super.kg logo

Түркияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргыз келиндин окуясы: Министр тергөө иштери боюнча өтүнүч келтирди

 

Түркияда киши колдуу каза болгон кыргыз келиндин өлүмүнө шектүүгө карата ачылган тергөө иши боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Өлкөнүн ички иштер министри Улан Ниязбеков түркиялык кесиптеши Сулейман Сойлу менен жолугушуп, кылмыш иштери боюнча пикир алышып, өтүнүч келтирди. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан белгилешти.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эл аралык экстремизмге, адам сатууга, мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүгө, уюшкан жана кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү, эки өлкөнүн мекемелеринин кызматкерлеринин тажрыйба алмашуусу, ошондой эле материалдык-техникалык ресурстарды камсыз кылуу маселелерин талкуулашты.

Андан тышкары Түркияда жүргөн Кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланды. Анын ичинде ушул жылдын 13-октябрында Текирдаг шаарында өлтүрүлгөн кыргыз келини М.А.нын өлүмү боюнча айыпталган түрк жараны Ф.А.га карата тергөө ишинин жүрүшүн жана каралашын көзөмөлгө алууну өтүндү. Ошону менен бирге тараптар эки өлкөнүн жарандарына карата ачылган кылмыш иштер боюнча чечимдерин тездетүү, Түркиянын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан мекендештердин абалы боюнча пикир алмашышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Окуянын чоо-жайы:

Буга чейин Түркияда кыргыз келинин мыкаачылык менен өлтүрүп, жиликтеп таштандыга ыргытып салды деп кайнатасы шектелип кармалгандыгы кабарланган. Кийинчерээк үрөй учурган кылмыштын айрым деталдарын түрк басылмалары жазып чыгышкан.

15-октябрда маркумдун сөөгү Кыргыз өлкөсүнө жөнөтүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: