super.kg logo

Окумуштууларга, ойлоп табуучуларга, стартаперлерге колдоо көрсөтүүчү аянтча. Бишкекте алгачкы инновациялык борбор ачылды

 

Бишкек шаарында алгачкы мамлекеттик инновациялык борбор ачылды. Иш-чарага катышкан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов аталган борбор ойлоп табуучулар, окумуштуулардын иши үчүн натыйжалуу аянтча болорун билдирди.

Эдил Байсалов президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын атынан инновациялык борбордун ачылышы менен куттуктады.

"Бул жаштарды, таланттуу окумуштууларды жана ойлоп табуучуларды, креативдик класстын өкүлдөрүн колдоого алуу үчүн өзгөчө кайталангыс аянтча болуп саналат, анда алар чыгармачылык менен алектенип, инновацияларды, стартаптарды иштеп чыгып, заманбап технологиялардын жаңы тренддери менен тааныша алат. Бул борбор толугу менен мамлекеттик каражаттын эсебинен ачылгандыгы кубанычтуу. Бул алгачкы саамалыктар, мындай борборлор республикабыздын бардык аймактарында түзүлүшү керек.

Инновациялык борбордо балдардын робот техникасында, программалоодо жана 3D-моделдештирүүдө билим алуусу жана билимин өркүндөтүүсү үчүн шарттар түзүлгөн. Мындай 3D-принтерлер инновациялык борборлордо жана университеттерде гана эмес, ар бир кесиптик-техникалык окуу жайларда жана мектептерде болуусу керек.

Мындан тышкары инновациялык борбордо стартаперлерге, бизнес-коомчулукка интеллектуалдык менчик укугун коргоого тийиштүү эксперттердин консультациясы берилет, ошондой эле өз бизнес-долбоорлорун иштеп чыгуу жана анын бет ачарларын тартуулоо үчүн аянтча түзүлөт", - деди Байсалов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: