6 балалуу аялдын камактан бошотулушу: Андан жабыркадык дегендер УКМКнын алдына митингге чыкты
Бүгүн, 28-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдына алдамчылыкка шектелип жаткан Асыла Талиповадан жабыр тарткандар митингге чыгышты.
Митингге болжол менен 20дай адам чыккан жана алар колдоруна “Камчыбек Ташиевден үмүт”, “Асыла Талипова кармалсын” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп алышкан.
Эскерте кетсек, буга чейин жактоочу Канат Хасанов алдамчылыкка шектелген аялды бошотуу талабы менен Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдына жалгыз пикетке чыккан. Анын айтымында, алты баланын энеси негизсиз кармалып, Бишкектеги СИЗО-1ге киргизилген. Митингдин эртеси Асыла Талипова үй камагына чыгарылган.
22-октябрда Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Аалиев, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн башчысы Талгат Куватбеков жана Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Айсулуу Рамазан кызы кармалган адамды кыйноого шектелип 2 айга камакка алынган.



1 |