super.kg logo

Маршруттук таксиге жүргүнчү жык толуп, эшиги араң жабылган көрүнүш Ош шаарында тартылган. Мэриянын маалыматы

 

Буга чейин социалдык тармактарда, анын ичинде "Сейчас.кж" телеграмм каналына "Бишкектеги көрүнүш" деген видео жүктөлүп, анда маршруттук таксиге жык толгон жүргүнчүлөр, эшиги жабылбай, сыртынан күч менен жабышканы көрүнгөн.

Аталган видео SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө жүктөлүп, окурмандар да маалымдашкан. Аталган видео Ошто тартылганын окурмандар айтышып, Ош шаардык мэриясынан муну тастыкташты. Буга байланыштуу биз мэриядан шаарда кызмат көрсөткөн транспорт каражаттарынын санын сурадык. Шаар башкармалыгынын маалыматына ылайык, Ош шаарында күнүнө 600гө чукул маршруттук такси каттамга чыгат.

"Күнүнө муниципалдык №13 автобустук каттамына 13 автобус, №1 троллейбустук каттамына 14 троллейбус, №2 троллейбустук каттамына 12 троллейбус ишке чыгат. Ал эми шаардык 47 маршруттук такси каттамдарында күнүнө жалпы 550-600 маршруттук таксилер ишке чыгат.

Чындыгында маршруттук такси каттамдарында маршруттук таксилердин жетишсиздиги деген маселе бар. Бул күйүүчү майдын, азык-түлүк жана тетиктердин бааларынын жогорулашынан жана жол акы тарифин көтөрүү зарылчылыгынан улам болууда.

Азыркы учурда Ош шаарынын мэриясы тарабынан маршруттук такси каттамдарында жол акы тарифин катардагы жүргүнчүлөргө 10 сомдон 15 сомго көтөрүү боюнча Ош шаардык кеңешине сунуштарды даярдоо процедуралары жүргүзүлүп, ушул жылдын ноябрь айында шаардык кеңештин сессиясына сунушталат", - деп билдиришти мэриядан.

Мындай көрүнүш Бишкекте да кадыресе абалга айланганы жашыруун эмес. Борбор калаанын жашоочулары да жаңы окуу жылы башталгандан тартып бул маселе ого бетер курч болуп калганын айтып келишет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
28.10.2021. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бишкекте мындай болбогондой эле суйлойсунор
28.10.2021. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коробуз,жол акыны жогорулатып и маршруткалардын проблемасын чечкенинерди!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: