super.kg logo

Бишкекте кыз-келиндер күрөшүнө зал курууга жер бөлүндү. Ал кайсы жерде жайгашкан?

 

Бишкекте кыз-келиндер күрөшү залын куруу үчүн жер тилкеси бөлүнүп берилди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер тилкеси "Ата-Түрк" сейил багынын жанынан массалык спортту өткөрүү жана жаштар менен иштөө боюнча "Жаштык" дирекциясынын аймагынан бөлүнүп берилди.

"Жашыл көчөт курчаган аймакты кошуу менен бөлүнгөн аянттын жалпы аянты 800 чарчы метрди түзөт. «Жаштык» дирекциясынын аймагына зал куруунун максатка ылайыктуулугу дирекцияда бассейни бар спорт комплексинин иштеши, спортчулардын машыгуу процесси толук кандуу болору менен негизделет.

Алгачкы сметалык баасы 43 миллион сомду түзөт. Объекттин курулушунун акыркы сметалык баасы залдын сметалык эсебинен кийин белгилүү болот", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(1)
28.10.2021. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы жаңылык эми салганга жараша чоң, заманбап кылып салгыла.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: