Өлкөдөгү фармацевтикалык компанияларга дары-дармектерге болгон бааны негизсиз көтөрбөө тапшырмасы берилди
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ири фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен жолугушуп, анда дары-дармектерди жүгүртүү чөйрөсүндөгү маселелер талкууланды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, фармацевтикалык ишканаларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө, ошондой эле дары-дармектерге болгон бааны төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу боюнча эскертүүлөр берилген.
"Бааларды жөнгө салуу боюнча иштин ачыктыгын камсыз кылуу, калктын жана фармацевтикалык ишканалардын маалыматка жетүүсүн камсыз кылуу максатында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук электрондук маалымат базасы менен интеграцияланган электрондук баа каталогу иштелип чыккандыгы тууралуу маалымат берилди. Дары-дармектердин катталган дүң жана чекене баалары жөнүндө маалымат департаменттин сайтында (http://www.pharm.kg/ru/price_regulation/) жайгаштырылган", - деп жазылган маалыматта.

