Улуттук статистикалык комитет: "Өлкөдө эттин баасы бир жылда 110 сомго чейин жогорулады"
Өлкөдө эттин чекене баалары бир жылдын ичинде 110 сомго чейин жогорулады. Бул туурасында Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат. Мекеменин сайтына жарыяланган маалыматта республиканын 18 калктуу конушу боюнча социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларына мониторинг жүргүзүлгөн.
"Ушул жылдын 27-октябрына карата эттин чекене баасы өткөн жылга салыштырмалуу орточо 22 пайызга жогорулаган", - дешет комитеттен.
Уйдун этине болгон баалар республика боюнча 1 килограммы үчүн орточо 478 сом 10 тыйынды түзүп, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 77 сом 90 тыйын же дээрлик 20 пайызга өскөнүн, ал эми койдун этинин баасы 484 сом 70 тыйынды түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 25 пайызга өскөнүн көрсөттү.
Уй этине болгон эң жогорку чекене баа Ош, Кара-Суу (бир килограммы үчүн 500 сом), Бишкек (бир килограммы үчүн 481 сом 30 тыйын) шаарларында, ал эми төмөнкү баа Токтогул шаарында (бир килогарммы үчүн 410 сом), Покровка айылында (бир килограммы үчүн 440 сом) жана Каракол шаарында (бир килограммы үчүн 447 сом 50 тыйын) катталды.
Койдун этинин жогорку чекене баасы Кара-Суу (бир килограммы үчүн 550 сом), Ош (бир килограммы үчүн 525 сом) Жалал-Абад, Кербен, Исфана, Баткен, Ноокат жана Өзгөн (бир килогарммы үчүн 500 сом) шаарларында катталды. Ал эми төмөн баалар Покровка айылында (бир килограммы үчүн 430 сом), Каракол, Токтогул шаарларында жана Чаек айылында (бир килограммы үчүн 450 сом) байкалды.
Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу уйдун этине болгон олуттуу жогорку баа Каракол жана Нарын шаарларында катталды. Кой этинин баасынын олуттуу өсүшү Кербен (31,6 пайызга), Токмок (29,7 пайызга) шаарларында жана Чаек айылында (28,6 пайызга) катталды.
27-октябрга карата Кыргыз Республикасы боюнча этке карата орточо керектөө баалары
Уйдун эти |
Четтөө: |
Койдун эти |
Четтөө: |
|||
2020 |
2021 |
2020 |
2021 |
|||
Кыргыз Республикасы |
400,2 |
478,1 |
77,9 |
387,9 |
484,7 |
96,8 |
Каракол ш. |
362,5 |
447,5 |
85,0 |
340,0 |
450,0 |
110,0 |
Балыкчы ш. |
380,0 |
460,0 |
80,0 |
380,0 |
460,0 |
80,0 |
Кербен ш. |
380,0 |
480,0 |
100,0 |
380,0 |
500,0 |
120,0 |
Токтогул ш. |
375,0 |
410,0 |
35,0 |
370,0 |
450,0 |
80,0 |
Жалал-Абад ш. |
428,6 |
480,0 |
51,4 |
427,1 |
500,0 |
72,9 |
Чаек а., Жумгал району |
360,0 |
450,0 |
90,0 |
350,0 |
450,0 |
100,0 |
Нарын ш. |
380,0 |
480,0 |
100,0 |
380,0 |
480,0 |
100,0 |
Исфана ш. |
365,0 |
450,0 |
85,0 |
400,0 |
500,0 |
100,0 |
Баткен ш. |
383,3 |
480,0 |
96,7 |
395,0 |
500,0 |
105,0 |
Кара-Суу ш. |
420,0 |
500,0 |
80,0 |
430,0 |
550,0 |
120,0 |
Ноокат ш. |
380,0 |
450,0 |
70,0 |
400,0 |
500,0 |
100,0 |
Өзген ш. |
390,0 |
480,0 |
90,0 |
400,0 |
500,0 |
100,0 |
Покровка а., Манас району |
350,0 |
440,0 |
90,0 |
350,0 |
430,0 |
80,0 |
Талас ш. |
401,9 |
451,4 |
49,5 |
376,0 |
480,0 |
104,0 |
Кара-Балта |
373,2 |
466,6 |
93,4 |
373,2 |
466,6 |
93,4 |
Токмок ш. |
380,0 |
460,0 |
80,0 |
370,0 |
480,0 |
110,0 |
Бишкек ш. |
405,1 |
481,3 |
76,2 |
383,8 |
477,8 |
93,9 |
Ош ш. |
420,0 |
500,0 |
80,0 |
424,9 |
525,0 |
100,1 |

