"Президенттин чек ара боюнча айткан сөздөрүн айрымдар бурмалоодо" дейт өлкө башчынын маалымат катчысы

"Алар эки тарапты кайраштырууга аракет кылып, социалдык тармакка ар кандай жалган, текстти өз сөзү менен окуган видеоматериалдарды жарыялоодо.
Албетте, чек ара маселеси бир эле тараптын кызыкчылыгында чечилбейт. Сөзсүз түрдө эки тараптын тең кызыкчылыктары эске алынышы керек. Ошондо гана биз бул көйгөйдү тынчтык жолу менен чече алабыз. Кыргыз тарап, биз бир пикирге келип жана бардыгын тынчтык жолу менен чечебиз деп ишенет", - деген билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, 23-октябрда президент Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөрүп, чек ара маселеси боюнча берилген суроого жооп берип, чек арадагы көйгөйлөрдү дароо чечүү мүмкүн болбой жатканын, буга мурда кетирилген бир катар катачылыктар тоскоолдуктарды жаратып жатканын айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.