super.kg logo

Кинотеатр, музей, фитнес клубдардын кызматкерлерине коронавируска каршы эмдөө алуу милдеттендирилди

 
Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө алуусу милдеттендирилгендердин тизмеси толукталды. Эми кинотеатрлардын, фитнес клубдардын кызматкерлери эмдөөдөн өтүүгө тийиш дешет Саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, өкмөттүн 2001-жылдын 21-декабрындагы "Жугуштуу ооруларга каршы иммунизациялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Анда маданият, эс алуу жана спорт тармагындагы кызматкерлер (музейлер, көргөзмө залдары, китепканалар, спорт сарайлары, театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, маданий оюн-зоок мекемелери, балдар аянтчалары, балдар лагерлери, спорттук жана эс алуу борборлору, фитнес клубдар) милдеттүү профилактикалык эмдөөдөн өтүшү керектиги бекитилген.
"Министрлер кабинети милдеттүү профилактикалык эмдөөдөн өтүү тизмесине адегенде жугуштуу оорулар менен ооруган бейтаптарга тейлөө көрсөткөндөрдү, бардык типтеги окуу жайларда иштегендерди киргизген. Бүгүнкү күндө коронавирустук пандемияга байланыштуу учурдагы кырдаалды эске алуу менен маданият, эс алуу жана спорт тармагынын кызматкерлери да COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүшү шарт болуп калды", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: