Шайлоо: БШК Камчыбек Ташиевдин бир тууганына эскертүү берди
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууганы, №14 Жалал-Абад округунан шайлоого аттанган Шаирбек Ташиевге мөөнөтүнөн мурда үгүт иштерин жүргүзгөндүгү үчүн жазуу жүзүндө эскертүү берилди. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына БШКдан тастыкташты.
Эскерте кетсек, Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучуларынын бири Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Муратовдун үй-бүлөсүнө Камчыбек Ташиев тарабынан каржыланып курулган үй берилгенин айткан. Бул туурасында БШКнын Бишкек шаарындагы ыкчам чара көрүүнүн координациялык тобунан 25-октябрь күнү маалымат келип түшкөн.
Өз кезегинде Жалал-Абад ОИИБи Сузактагы Муратовго берилген үйгө Камчыбек Ташиевдин жана анын үй-бүлөсүнүн тиешеси жок экендигин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:32
2025-07-25

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(1)
Antiradikal3

29.10.2021. 15:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
И все?! Оппозициядан бири болгондо дароо шайлоодон четтетилмек...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.