super.kg logo

Чүйдүн Озерное айылында эки кабаттуу мектеп пайдаланууга берилди

 
Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Пригородный айыл аймагына караштуу Озерное айылында эки кабаттуу мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, мектептин курулушу мындан эки жыл мурун башталган. Окуу имараты 375 окуучуга ылайыкталган.
"Мектеп замандын талаптарына жооп берет. Анда кабинеттик системада окууга толук шарттар түзүлгөн. Химия, физика, биология, информатика, лингвистика, технология кабинеттери талаптагыдай жасалган. Спорт залы, жыйындар залы, ашканасы, китепканасы жана технология бөлүмдөрү бар. Сыртта волейбол, баскетбол, футбол аянтчалары курулган", - деп жазылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө 192 орундуу эски мектепте жана 375 орундуу жаңы мектепте жалпысынан 2250 окуучу билим алып жатат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: