Элүү жаштан өтсө да тулкусун туура кармап, буралган бийкеч сындуу көрүнөт. Троллейбус айдаган айым менен маек
Бүгүн, 29-октябрь - автобустардын жана троллейбус айдоочуларынын күнү. Алардын катарында шаардык троллейбус башкармалыгынын жана Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасынын кызматкерлеринин кесиптик майрамы. Мындан улам шаардык №11 троллейбуста айдоочу болуп иштеген 52 жаштагы Бурулай Иманалиевадан айдоочулук кесипти кандайча аркалап калганын сурадык.
"Троллейбус өзгөчө унаа, анын айдоочусу болууну кичинекей кезимде эле кыялданчумун. Кийин кыялыма жетип айдоочу болуп иштеп жүрөм. Буга чейин айдоочу болуп иштеген эмесмин. Бул жакта иштеп жатканыма 7 жылдын жүзү болду", - деди Иманалиева.
Ошондой эле ал кесиби өзүнө жагарын, эмгек жамааты ынтымактуу экенин белгилеп өттү.
"Жумушум өзүмө абдан жагат. Биздин эмгек жамаат чоң жана ынтымактуу. Ар дайым бири-бирибизге жардам берип турабыз", - дейт айдоочу айым.
Мындан сырткары айдоочу айым жумушунда жол тыгыны тоскоол болорун кошумчалады.
"Жумушубузга көбүнчө шаардагы жол тыгыны тоскоол болот. Троллейбус, автобустарга гана ылайыкталган өзүбүздүн тилкебиз болсо жакшы болмок. Тилекке каршы, көчөлөрүбүз өтө эле тар.
Жүргүнчүлөрүмө ийгилик каалайм! Унаамды да, жүргүнчүлөрүмдү да жакшы көрөм. Жумуш учурунда жүргүнчүлөрүм тарабынан комплименттер көп болот, ыраазычылык жана баталарын да айтышат", - деди Иманалиева.
- 1600 менчик кичи автобустар;
- 80 муниципалдык автобус;
- 130 муниципалдык троллейбус;
- 113 менчик автобус.
кошулду


Аранардан копчулугунор троллейбус айдоону билген кундо да, ал акчага тролеейбус айдап иштебеген болоор эленер, биринер айлык-маянанын аздыгын шылтоо кылып, башканар троллейбус айдоочусу деген создон корунуп, уялып...
Анан чачын жайып журот экен деп койбодунуз..)